• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тажикстанда адвокаттар элге бир күн бекер кызмат көрсөтүшөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. Тажикстанда Адвокаттар биримдигинин мүчөсү Абдукаюм Юсупов социалдык түйүндөр аркылуу кесиптештерин жана укук коргоочуларды 8-декабрда калкка бекер юридикалык кызмат көрсөтүүгө чакырды.

«Көптөгөн жашоочулар, анын ичинде айлыгы аз адамдар керектүү юридикалык кеңеш ала албай жатышат. Мындан улам мен кесиптештеримди юридикалык кеңселер менен кызматташып, жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүүгө чакырам», - деди адвокат. Анын айтымында, эгер жума күнү ар бир адвокат эки кардар кабыл алса, өлкөнүн миңден ашуун жаранына бекер юридикалык жардам көрсөтүлгөн болот.

Адвокаттардын басымдуу бөлүгү жана укук коргоо уюмдары бул чакырыкты колдошту. Тажикстандын Социал-демократиялык партиясынын төрагасы, адвокат Рахматилло Зоиров бекер укуктук жардамга муктаж болгондор көп экенин белгиледи.

«Көптөгөн адамдар акчасы жоктугунан адвокат жалдабай, укуктарын коргой албай калышат. Мен өзүм муктаждарга жардам берип турам. Юсуповду колдойм. Бирок адвокаттар мындай жардамды жумасына же айына бир жолу көрсөтүшү керек», - деди Рахматилло Зоиров.

БУУ 10-декабрды Адам укуктары күнү деп жарыялаган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий