• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда ай сайын миң үй-бүлө ажырашууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.11.19 /Кабар/. Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда күн сайын 34 үй-бүлө ашырашат. 2018-жылга салыштырмалуу ажырашуулардын саны 11% жогорулаган. Быйыл 9 айда 9 миңден ашуун үй-бүлөнүн оту күйүшпөй калган.

Тажикстан Аялдар комитетинин юристи Мадина Тошева билдиргендей, көптөгөн көйгөйлөрдөн тышкары эмгек миграциясы дагы ажырашуулардын негизги себеби болууда. Анын айтымында, Орусияга кеткен тажикстандык эркектердин көбү орус жарандыгын алуу үчүн никелерин жокко чыгарып, орусиялык аялдар менен үй-бүлө курууда.

Мадина Тошева ажырашуу учурунда көбүнчө аялдар жабыр тартат деп эсептейт:

– Кеп мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө болуп жатат. Эгер расмий нике жок болсо, аял эч нерсеге талапкер боло албайт. Адатта аялдар балдары менен кошо куру жалак калышат, – деди ал.

Ажырашуулар көп болуп жатканына байланыштуу тажик бийлиги 2015-жылды Үй-бүлө жылы деп жарыялаган. Бирок ал эч кандай натыйжа берген эмес.

Пикир

Оставить комментарий