• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажикстанда аялдардын туура эмес кийимдери менен күрөш башталды

Дүйнө 0

Бишкек, 29-июль /Кабар/. Тажикстанда өкмөттүн алдындагы Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитети хиджаб кийгендер менен гана эмес, улуттук маданиятка жана динге туура келбеген киймдерди кийгендер менен дагы күрөшөт, деп билдирди комитеттин төрагасынын орун басары Мархабо Олими. Бул тууралуу РИА "Новости" жазып чыкты.

"Аялдардын арасындагы улуттук тажик кийимдерин жайылткан биздин жумушчу топтор, аларга хиджаб, селде кийген – бул тажиктер үчүн жат экенин айтышууда. Бирок биз жарым жылаңач болуп кийингендерге дагы көңүл бөлөбүз”,-деди ал.

Олиминин айтымында өлкө башчысы Эмомали Рахмон коомдун радикалдашып, тажик жаштарынын башка, келгин модага кызыгуусу артып баратканына тынчсызданган. Мындан улам президент келгин маданият менен күрөшүү милдетин койгон. “ Биз бул тапшырманы аткарабыз”,-деп билдирди комитеттин төрагасынын орун басары.

“Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитети башка түзүмдөр менен бирге, жакында келгин кийим кийгендерден качуу максатында тажик маданиятын, салтын, өзгөчөлүктөрүн жайылткан кийимдин үлгүлөрүн сунуш кылат”,- деп кошумчалады ал.

Акыркы үч жылда Тажик бийлиги башка маданиятты жана салтты көчүрүп алуунун алдын алуу максатында, республикадагы жарандардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөткөн. Буга чейин Рахмон тажик маданиятына жана салтына туура келбеген, коомчулукта кара кийинген кыздардын пайда болушуна тынчсызданып жатканын билдирген болчу.

Пикир

Оставить комментарий