• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда айлык менен пенсияны жогорулатуу тууралуу жарлыкка кол коюлду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Тажикстандын өкмөтү 1-сентябрдан тартып бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин маянасын, пенсияны жана стипендияны 15% жогорулатат. Президент Эмомали Рахмон кол койгон тиешелүү жарлык 4-августта жарыяланды.

Тажик бийлиги мындай чечимди коронавирус пандемиясы өлкө экономикасына терс таасирин тийгизип, мамлекеттик бюджетте тартыштык байкалып жаткан маалда кабыл алды.

Мамлекет башчынын жарлыгында өкмөт айлыкты, пенсияны жана стипендияны «калктын жашоо шартын жакшыртуу» максатында жогорулатып жатканы жазылган.

Тажикстанда акыркы жолу маяналар менен пенсиялар 2018-жылы сентябрда 15% жогорулаган. Тажикстандагы эң төмөнкү айлык акы 400 сомонини (40 доллар), бюджеттик кызматкерлердин орточо маянасы 1 миң сомонини (100 доллар) түзөт.

Пикир

Оставить комментарий