• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда айып пулдар менен бажы салыктары 10% жогорулайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. 2020-жылдын 1-январынан тарта Тажикстанда айып пулдар менен милдеттүү мамлекеттик төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйөт. Акыркы үч жылдан бери бул айып пул жана бажы салыктарынын үчүнчү жолу жогорулашы.

Өлкөдө айып пулдар менен милдеттүү мамлекеттик төлөмдөр эсептик көрсөткүчтөргө жараша эсептелет. Учурда эсептик көрсөткүч көлөмү 55 сомонини (5,5 доллар) түзсө, 1-январдан тарта 58 сомониге чейин көбөйөт. Буга байланыштуу айып пулдар менен бажы салыктары дагы жогорулайт.

Өлкөнүн Каржы министрлиги эсептик көрсөткүчтүн жогорулашын инфляцияга жана улуттук валютанын арзандашына байланыштырууда.

Өзгөртүүлөргө ылайык, эми айып пулдардын бардык түрү 10 пайызга жогорулайт. Алсак, учурда жол чырак кызыл күйүп турганда өтүп кеткендер үчүн 275 сомони өлчөмүндө айып пул каралса, январдан тарта айдоочулар 290 сомониден төлөй башташат. Мындан тышкары жыл башында бажы салыктарынын айрым түрлөрү дагы жогорулайт.

Тажикстанда айып пул өлчөмү өтө эле көп экени айтылып, бир канча жолу сынга алынган. Быйыл Бобожон Гафуров районунун тургуну Олимхож Мухаммадиев уулу айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандыгы үчүн салынган 12 500 сомони айып пулду төлөй албай, өз жанын кыйган.

Пикир

Оставить комментарий