• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда акчанын изин жашырууга каршы күрөш үчүн Улуттук банк жооптуу болот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.12.17 /Кабар/. Тажикстанда «Кылмыштуу жол менен табылган акчалардын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү тууралуу» мыйзамды ишке ашырууга жоопту мекеме катары Улуттук банк дайындалды. Мындай чечим мамлекет башчы Эмомали Рахмон тарабынан кабыл алынганы тууралуу 26-декабрда кабарланды.

Жазында өлкөнүн Улуттук банкы оор кылмыш кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн 200дөн ашык адамдын, ошондой эле Жогорку сот тарабынан террористтик же экстремисттик деп табылган уюмдардын тизмесин жарыялап, жарандарды жана коммерциялык уюмдарды алар менен каржылык жактан кызматташууну токтотууга чакырган.

Улуттук банктын өкүлү «кара тизме» түзүүнүн максаты — акчанын изин жашырууга тиешеси бар жарандар менен уюмдардын активдерин тоңдуруу болуп эсептелерин билдирген. Анын айтымында, тизме Мыйзамсыз жол менен табылган акчалардын изин жашырууга каршы күрөшүү боюнча эл аралык уюмдун (Financial Action Task Force (FATF) талабынын негизинде түзүлгөн.

«Кара тизмеге» – Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясы, «Группа 24», «Эркин Тажикстан», «Ага-ини мусулмандар», «Ислам мамлекети», «Аль-Каида», «Жамаат Ансоррулох», «Өзбекстан ислам кыймылы», ошондой эле акчанын изин жашырууга гана эмес, мыйзамсыз маңзат, курал-жарак жана адам сатууга тиешеси бар адамдар дагы киргизилген.

«Кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди мыйзамдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жөнүндөгү» мыйзамга Эмомали Рахмон 2011-жылы 25-мартта кол койгон. Анткен менен Тажикстан дагы деле кылмыштуу жол менен табылган акчалардын изин жашыруу жана терроризмди каржылоо көрсөткүчтөрү жогору болгон өлкөлөрдүн катарында калууда.

Пикир

Оставить комментарий