• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда алп наристеге эки эненин эмчек сүтү берилүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.09.18. /Кабар/. Быйыл июлда Куляб шаарында 8 килограмм салмакта төрөлгөн наристени эки аял эмизүүдө. Баланын атын Рустам деп коюшкан. Ата-энесинин айтымында, ал “Шахнаме” эпосундагы башкы каарманга окшош.

Рустамдын чоң апасы Назира Имомназарова "неберем жарык дүйнөгө келерде төрөтканага кошумча дарыгерлерди алып келишкен, себеби анын салмагынан кооптонушкан", деп эскерет.

Назира Имомназарова небереси рекорддук салмак менен төрөлсө да, бийлик өкүлдөрү куттуктап келбегенине жана жардам беришпегенине нааразы. Анын айтымында, наристе кээде апасынын жана эмчек энесинин сүтүнө да тойбой калат. Бул учурда уйдун сүтүн сатып беришет.

Баатыр баланын апасы Тахмина Одинаева уулун жана майып кызын багууда кыйынчылыктар жаралып жатканын айтты. “Башында бизге бала багуучу бөлүп беришет го деп үмүттөнгөнбүз. Бирок азыр аны кайненем экөөбүз багып жатабыз. Майып болуп төрөлгөн Шукронду кароого убакыт жетпей жатат”, - деди ал.

Жакында Рустамды борборго алып келип, дарыгерлерге көрсөтүшкөн. Наристенин ата-энеси ал майып болуп калабы деп кооптонууда. Бирок дарыгерлер баланын ден соолугу таза экенин айтышкан.

Рустам быйыл июлдун башында 8 килограммга жакын салмак менен төрөлгөн. Ал азыр бир жаштагы баладай болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий