• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстанда алтын өндүрүү ишканасы оффшор компаниянын башкаруусуна өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.05.19. /Кабар/. Тажикстанда акционерлеринин ортосундагы талаш-тартыштардан улам оффшор компаниянын башкаруусуна өткөн алтын өндүрүүчү «Памир» ишканасы ишмердүүлүгүн токтотуп, 150дөн ашык киши жумушсуз калды.

Учурда ишканага «Тажик эмират Бритиш майнинг компани» (ТЭБМК) деп аталган фирма ээлик кылат. Өз кезегинде ал «VAST OCEAN MININGINVESTMENT LIMITED» деген оффшор компанияга таандык.

Былтыркы жылга чейин алтын казуу ишканасына Нарзулло Анаев жана Владимир Дауров аттуу эки тажик жараны ээлик кылып келген. Бирок алардын өнөктөшү эсептелген ТЭБМК фирмасы артелдин акцияларынын бардыгы ага таандык экенин билдирип, Анаев менен Дауровдон ишкананы өткөрүп берүүнү талап кылган.

Бул талаш Тажикстандын Жогорку экономикалык сотуна чейин жетип, ТЭБМК фирмасынын пайдасына чечим чыгарылган. Анаев менен Дауров болсо акционердик коомдун мүлкүн ээлеп алган деген айып менен камакка алынган. Алардын адвокатынын айтымында, андан бери алты ай өткөнүнө карабастан, бул иш боюнча тергөө иштери дале болсо аяктай элек.

Учурда юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде «Памир» ишканасынын жалгыз ээси катары ТЭБМК фирмасы көрсөтүлгөн.

«Памир» алтын өндүрүү ишканасы ишмердүүлүгүн 1978-жылы баштап, кезинде жылына бир тоннага чейин алтын өндүрүп турган. Тажикстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин ал акционердик ишкана болуп өзгөртүлгөн. Акыркы жылдары ал Шугнов кенинде жылына 25-30 килограммга чейин алтын өндүрүп, мамлекетке ири өлчөмдө салык төлөп келген. Учурда ишкана ишин толук топтотуп, 150гө жакын киши жумушсуз калды.

Пикир

Оставить комментарий