• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда ар бир он жарандын экөөсүнүн насыясы бар

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.01.19 /Кабар/. Акыркы жылдары Тажикстанда насыя алгандардын саны 400 миң кишиге көбөйдү. Бул өлкөнүн ар бир он тургунунун экөөсүнүн банкта насыясы бар дегенди билдирет.

Өлкөдөгү «Насыялык-маалыматтык бюронун» иликтөөсүнө караганда, тажикстандыктардын көбү үстөк пайыздары жогорку экенине карабастан социалдык жана турмуш-тиричилик маселелерин чечип алуу максатында керектөө насыяларын алышат.

Бюронун директору Манучехр Абдусамадзоданын айтымында, насыя алгандардын көбүн 25 жаштан 40 жашка чейинки жарандар түзөт.

Raiffeisen Вank International немис уюмунун 2017-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Тажикстанда насыя алгандардын дээрлик жарымы банктагы карыздарын өз убагында жаба алышкан эмес. Мындан улам үй-жайынан айрылып, өмүрлөрүнө кол салган адамдар да болгон.

Пикир

Оставить комментарий