• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда ашыкча салмак үчүн кызматтан кеткен милиция кызматкерлери кайтып келүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Тажикстандын ИИМ министри ашыкча салмагы үчүн кызматтан кеткен 13 милиция кызматкерин кайра кызматка алды. Эки ай мурун ашыкча салмагы үчүн 20 милиция кызматкери кызматтан кеткен.

Мындан тышкары 100дөн ашык милиция кызматкерине арыкташ керектиги боюнча эскертүү берилди деп билдирет “Свобода” радиосу.

“Милиция кызматкерлери элпек, ылдам кыймылдуу жана арык болушу шарт. Алар ар дайым өзүнүн милдетин аткарууга даяр болушу керек”,-деп билдирди ведомство.

Тажикстандын ИИМ басма сөз катчысы Умарджони Эмомали жумушка кайра алынган бардык кызматкерлер тажрыйбалуу, өз ишин мыкты билген адистер экенин айтты. Алар салмактарын азайтты, мындан улам алар өз кызмат ордуларына кайтышты. Башка милициялар дагы нормадагы салмакка жетишсе, кайра кызмат ордуларына кайтарыларын кошумчалады басма сөз катчы.

ИИМ кызматкерлеринин ашыкча салмагы менен күрөшүү 2016-жылдын декабрында башталган.

Пикир

Оставить комментарий