• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда аскерде кызмат өтөө мөөнөтүн 1,5 жылга чейин кыскартуу сунушталууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Тажикстанда аскерде кызмат өтөө мөөнөтү 2 жылдан 1,5 жылга чейин кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу Тажикстандын юстиция министринин орун басары Абдумманон Холикзода билдиргенин Тажикстандын телеграф агенттиги жазат.

Холикзода билдиргендей, мыйзамдын жаңы редакциясы өкмөттүн кароосуна жиберилген.

Белгилей кетсек, Тажикстанда аскерге чакыруу жылына эки ирет, жаз жана күз айларында жүргүзүлөт. Ар бир жолкусунда аскерге 18-27 жаштагы 15-16 миң жаш жигит чакырылат.

Пикир

Оставить комментарий