• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда аскерге чакырылгандар айдоочулук курстарда бекер окушат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.03.20. / Кабар/. Тажикстандын Хатлон облусунда жергиликтүү бийлик уландарды армияга тартуу үчүн жаңы ыкма ойлоп тапты. Аскерде милдет өтөөгө өз эрки менен макул болгондорго автоунаа айдоону үйрөтүүнү, айдоочулук күбөлүк берүүнү убадалашууда.

Хатлон облусунун акимчилиги айдоочулук курстары 1-апрелден тарта башталарын билдирди. Тажикстанда машине башкарууну үйрөнүп, айдоочулук күбөлүк алууга орточо 3 миң сомони (300 доллар) керек.

Жергиликтүү бийлик бул курстардан окуган жигиттер армияда айдоочу же автоунаа оңдоо боюнча чебер болуп иштей алышарын белгилөөдө. Ыктыярчылар үч ай ичинде машине айдаганды жана оор жүк ташуучу унааларды оңдогонду үйрөнүшөт.

Мурдагы жылдары бийлик армияга барып келген жигиттерге жер тилкелерин кесип берүүнү убада кылып, бирок сөзүнө турган эмес.

Тажиктанда уландарды аскерге мажбурлап алып кеткен учурлар арбын. Армияда бири-бирине үстөмдүк көрсөтүү, жоокерлер үчүн ыңгайлуу шарттардын жоктугу, тамак-аштын начардыгы Тажикстан Куралдуу күчтөрүнүн негизги көйгөйү болуп эсептелет.

Тажикстанда армияга чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу – жазында жана күзүндө болот. Аскерде милдет өтөөгө ар биринде 16 миңге чейин 18-27 жаштагы жигиттер чакырылат.

Пикир

Оставить комментарий