• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстанда ата-энесин багуудан баш тарткандарда жаза күчөтүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.12.17 /Кабар/. Тажикстан парламенти 21-декабрда карыган ата-энелерин багуудан баш тарткандарга кылмыш жоокерчилигин күчөтүү боюнча мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

Буга чейин мындай учурларда 120 сааттан 2 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу жазасы берилип келген.

Кылмыш Кодексине киргизилген жаңы толуктоолор боюнча мындан ары ата-энесин атайлап багуудан баш тарткандар 3 жылга чейин эркинен ажыратылат.

"Азаттыктын" тажик кызматы кабарлагандай, Тажикстанда соңку кездерде балдарынан алимент талап кылган ата-энелердин саны өсүүдө.

2016-жылы Тажикстндын негизги мыйзамына киргизилген толуктоолор боюнча жашы жеткен, эмгекке жөндөмдүү балдар ата-энелерин багууга жана камсыздоого милдеттендирген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий