• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажикстанда аз камсыз үй-бүлөлөргө жөлөкпул берилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Тажикстан өкмөтү аз камсыз үй-бүлөлөргө социалдык жөлөппул берүү боюнча токтом кабыл алды. Ар чейректе бериле турган жардамдын көлөмү 116 сомонини (11 доллар) түзөт.

Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги жөлөкпул 1-июлдан тарта берилерин билдирди. Аз камсыз деп табылган үй-бүлө жөлөкпулдан тышкары мамлекеттик ооруканаларда бекер дарылана алат. Бул арада жардам ала турган жарандар бул акча документ топтоого эле араң жетерин билдиришүүдө.

Соңку маалыматтар боюнча өлкөдө 85 миң үй-бүлө жакыр жашайт жана мамлекеттен жөлөкпул алат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 вирусунун жайылышына каршы күрөшүү үчүн Тажикстанга 11,3 миллион доллар берген. Анын ичинен 3 миллион доллар даректүү социалдык жардам көрсөтүү үчүн бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий