• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда банкрот болгон банк аманатчыларга «керексиз» буюмдарды сунуштоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.02.18. /Кабар/. Тажикстанда банкротко кептелген «Агроинвестбанктын» Курган-Төбөдөгү өкүлчүлүгү кардарларга аманаттарынын ордуна мүлктөрдү — автоунаа, кеңсе буюмдарын, сейфтерди жана кассалык жабдууларды сунуштоодо. Булар банк кызматкерлеринин саны кыскартылгандан кийин калган буюмдар.

Мындай жол менен банк жеке адамдарга болгон карыздарынан кутулууну пландап жатканын «Агроинвестбанктын» өкүлчүлүк башчысы Лоик Кудратов билдирди.

Эки жылдан бери «Агроинвестбанктын» каржы абалы начар. Буга байланыштуу ал кардарларынын алдындагы милдеттенмелерин өз маалында жана тиешелүү деңгээлде аткара албай келет. Былтыр күзүндө «Агроинвестбанк» кызматкерлеринин 75% жумуштан кетирүүгө аргасыз болгон.

Хатлон облусундагы коомдук уюмдун кызматкери Рахмонали Давлатов алардын банктагы эсебинде 200 миң сомони болгонун айтты. «Банктан бизге 42 миң сомониге «Нива» үлгүсүндөгү унаа сунуштап жатышат. Уюмдун банктагы эсебинде калган сумма үчүн эмеректерди берели дешти… Ойлонуп атабыз, албетте мунун баары эки тараптын макулдугу менен ишке ашат», - деди ал.

Банктын өкүлчүлүгүнөн Фируза аттуу дагы бир кардарына акчанын ордуна сыналгы жана кир жуугуч машине сунушташууда. «Мен эми банктагы акчамдын ордун аларды сатып, түшкөн каражат менен толтурайын деп атам», - деди Фируза.

Банктан билдиришкендей, жыл башынан бери мекеме 103 тейлөө борборун, беш өкүлчүлүгүн жана бир операциялык департаментин жапкан. Бул банктын чыгашаларын бир кыйла азайткан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий