• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тажикстанда башкы балатыны ачуу жана Аяз атаны тосуу салтанаты болбойт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Тажикстандын шаарларында жаңы жылдык башкы балатынын салттуу ачылышы жана Аяз атаны тосуп алуу салтанаты болбойт. Өлкө бийлиги пандемияга байланыштуу жаңы жылдык балатыларды, маданий-массалык, майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды.

Бирок Хожент шаарынын айрым тургундары Аяз атаны үйлөрүнө чакырууну пландашууда.

Аймактагы «Азия» телеканалынын алып баруучусу Акбар Зокиров достору жана жакындары жаңы жыл түнү кызыл чапанчан Аяз атаны үйлөрүнө чакырып, балдарына сюрприз тартуулоону каалап жатышканын айтты:

– Айрымдар Аяз атаны тарбия берүү максатында чакырышат: эгер баласы жыл бою жакшы окуса, ал сөзсүз түрдө Аяз атанын колунан белек алат.

Бул арада Тажикстанда кишилер маданий эс алуу жайларында, парктарда жана башка коомдук жайларда жеке гигиена эрежелерин сактап жүрүүгө милдеттүү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Тажикстанда 28-декабрда коронавирус жуктургандар 13 миң 237 кишини түздү, өлгөндөрдүн жалпы саны –90.

Пикир

Оставить комментарий