• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда белгилүү ишкердин уулу 10 жылга соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. 2-октябрда Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту мурдагы өкүмүн кайра карап чыгып, баш калаадагы «Султони Кабир» базарынын ээсинин уулун 10 жылга түрмөгө кести. Ал эки адамдын өлүмү үчүн айыптуу деп табылды.

23-мартка оогон түнү Кабир Кабиров айдап бараткан «Лексус-450» автоунаасы кырсыкка учурап, анын ичиндеги 19 жаштагы эки курдашы каза болгон. Кабиров менен үчүнчү жүргүнчүсү түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Июлдун аягында Исмоили Сомони райондук соту Кабир Кабировду жол эрежесин бузуу боюнча күнөөлүү деп таап, 8,5 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок маркумдардын адвокаттары өкүм менен макул болбой, жогорку инстанцияга кайрылышкан. Душанбе шаардык соту ишти кайра кароо үчүн биринчи инстанцияга жөнөткөн. Жабырлануучу тарап авария учурунда тажикстандык бизнесмендин уулу мас абалында болгонун билдиришкен. Буга байланыштуу алар жазаны катаалдаштырууну сурашкан.

Пикир

Оставить комментарий