• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда беш эм төрөлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Хатлон облусунун башчысы Жаңы жылдын алдында төрөлгөн беш эмдин ата-энесинин үйүн кыска мөөнөттө ремонттоп берүүнү тапшырды.

Хатлон облусуна караштуу Кубодиен районунун тургуну, 30 жаштагы Дилноза Мамадова Жаңы жыл алдында беш эм – эки эркек, үч кыз төрөдү. Ага чейин эки баласы болгон.

Ымыркайларга Хасан, Хусейн, Фатима, Зухра жана Хадича деген ысым ыйгарылды.

Хатлон облусунун төрагасы Курбон Хакимзода беш эмдин ата-энесинин үйүнө барып, каржылай колдоо көрсөттү.

Бул арада соцтармактардын колдонуучулары өлкө президентине кайрылып, беш эмдин ата-энесине Душанбеден батир белекке берүүнү сурашууда.

Тажикстанда беш эм төрөлгөн учур биринчи жолу катталууда.

2015-жылы төрт эм төрөгөн Душанбе шаарынын тургунуна мамлекеттен үч бөлмөлүү батир берилген.

Бул арада Тажикстанда төрөт деңгээли жогору: постсоветтик мамлекеттердин арасында калкынын көбөйүшү боюнча биринчи орунда келатат. Божомолдор боюнча 2030-жылга карата Тажикстандын калкынын саны 11 миллиондон ашары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий