• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда беш жылдыздуу Hyatt Regency Dushanbe мейманканасы сатыкка коюлду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0


Бишкек, 06.06.19. /Кабар/. Тажикстандын баш калаасындагы беш жылдыздуу Hyatt Regency Dushanbe мейманканасы сатыкка коюлду. Бул тууралуу өлкөгө инвестицияларды тартуу менен алектенген «Тажинвест» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Мекеменин билдирүүсүндө мейманкананын баасы көрсөтүлгөн эмес. Бирок 2009-жылы объект пайдаланууга берилгенден кийин ага ээлик кылган компания курулушка 140 миллион доллардан ашык каражат жумшаганын билдирген.

6-июнда өз булактар мейманкананын баасы кызыгуусун билдирген ар бир инвестор менен өз алдынча талкууланып жатканын билдиришти. Алардын айтымында, объектинин болжолдуу баасы 150-160 миллион долларды түзүүдө. Бирок бул боюнча азырынча расмий билдирүү жок.

1,3 гектар жерде жайгашкан мейманкананын пайдалануудагы аянты 38 миң чарчы метрди түзөт. Учурда анда 190 адам иштейт.

Азырынча «Созидание» компаниясына таандык Hyatt Regency мейманканасынын эмнеге сатыкка коюлганы белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий