• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тажикстанда бийликтеги партиянын кеңсесин куруу үчүн мугалимдердин бир күндүк айлыгы кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Хатлон облусундагы Шахритус районунун мамлекеттик мекемелеринде иштеген кызматкерлер бир күндүк айылыгын бийликтеги Элдик демократиялык партиянын райондук кеңсесинин курулушуна которууга милденттендирилди.

Жергиликтүү мугалимдер менен дарыгерлер эсепчилер аларга айтпастан эле бир күндүк айлыктарын кармап калганына даттанышууда. Аты-жөнүн айткысы келбеген дарыгер анын айлыгы 400 сомони (45 долларга жакын) экенин, анын 20 сомонисин кармап калышканын билдирди.

«Бизди чогултуп, бир күндүк айлыгыбызды партиянын райондук кеңсесинин курулушу үчүн кармап кала тургандыктарын айтышты. Биздин макулдугубузду сурап да коюшкан жок. Декабрда дагы айлыкты толук алган эмеспиз. Былтыр эки жолу Душанбедеги «Элдер ынтымагы» сейил багынын курулушуна деп айлыгыбыздын бир бөлүгүн кармап калышкан», — деди ал.

Ал ортодо жергиликтүү бийлик эч ким мажбурланбаганын, мугалимдер менен дарыгерлер бир күндүк айлыгын өз каалоолору менен которуп жатышканын билдирүүдө.

​Укук таануучу Ойнихол Бобоназарова Тажикстан мыйзамдары саясий партиялардын максаттары үчүн мажбурлап акча чогултууга тыюу саларын билдирди. Анын айтымында, имарат партия мүчөлөрүнүн жана ыктыярдуу түрдө берилген каражаттын эсебинен курулушу керек.

Азырынча Элдик демократиялык партиянын райондук кеңсесинин курулушуна канча каражат кете тургандыгы белгисиз. Партия өкүлдөрү имарат эки кабаттуу болорун айтышып, учурда пайдубалы тургузулуп жатканын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий