• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда билим берүү бөлүмүнүн жаңы дайындалган жетекчиси жарым саат гана иштеди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.10.17 /Кабар/. Тажикстанда Рустам Солиев Восей районунун элдик билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп жарым саат гана иштеди. Район төрагасы Билим берүү жана илим министрлигинин чечимин ошол замат жокко чыгарып, аткаминерди иштен бошотту.

Элдик билим берүү бөлүмүнүн жаңы дайындалган башчысы район акими менен уруша кетип, жүрөк оорусу менен дароо оруканага жаткырылды.

Рустам Солиев жаңы кызматка Тажикстандын билим берүү жана илим министринин макулдугу менен дайындалганын, бирок район төрагасы аны жарым сааттан кийин эле белгисиз себептер менен бошотуп салганын билдирди.

Рустам Солиев отуз жылдан ашуун билим берүү тармагында эмгектенген – мугалим, мектеп директору, билим берүү тармагын көзөмөлдөө боюнча кызматтын жергиликтүү бөлүмүн жетектеген. Акыркы жылдары Восей районунун элдик билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. “Жетишет, Мен мындан ары билим берүү тармагында иштөөнү каалабайм”, - деди Рустам Солиев.

Район башчысы Мусо Гафурзода өз чечими боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Маалыматтарга караганда, райондук элдик билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигине башка киши дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий