• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда бир нече кыштак бир айдан бери мобилдик байланышсыз калышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.12.17 /Кабар/. Тоолуу Матчадагы сегиз кыштактын тургундары бир айдан бери мобилдик байланыш кызматынан колдоно албай калышты. Бул кыштактарда 250 үй-бүлө жашайт, телефон чалуу үчүн алар кыр ашып, бир нече чакырым жол басууга аргасыз болушууда.

Ноябрда Tcell мобилдик операторунун тоолуу Матчадагы базалык станциясы бузулуп, жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү байланышсыз калган.

Гозни кыштагынын жашоочусу Шарифхудж Аминов телефон чалуу үчүн ар күнү жумуштан кийин айылдаштары менен бирге сегиз чакырым жол жүрүп коңшу кыштакка барууда. “Кышкысын жол өтө кооптуу, өзгөчө түнкүсүн. Дагы жакшы кар жок. Кар жааса, жолдон унаалар өтө албай калса, биз такыр изоляцияда калабыз”, – деди ал.

Tcell компаниясы тоолуу Матчада авария болгонун тастыктап, маселени чечүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий