• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Тажикстанда бир жылда алтынчы жолу ун кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Тажикстанда бир жылда алтынчы жолу ун кымбаттады. Акыркы эки жумада бир кап ундун баасы 4 долларга жогорулап, 220 сомониге же 23 долларге жетти.

Тажикстандын Монополияга каршы кызматы жана жергиликтүү ишкерлер баадагы секирикти тышкы фактор менен байланыштырышууда. Мекеменин кызматкери Дилшод Музаффарзоданын билдиришинче, негизги экспортер болгон Казакстанда ун акыркы жылы 20 пайызга кымбаттаган.

Тажикстан унду жана буудайды толугу менен Казакстандан сатып алат. Ошол эле маалда акыркы убакта унга караганда буудай алып келүү көбөйүүдө. Себеби Тажикстанда ун чыгарган тегирмендер көбөйдү. Калктын суроо-талабын камсыздоо үчүн өлкөгө жылына 1,7 миллион тонна буудай керектелет.

Пикир

Оставить комментарий