• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда болгон жердин силкинүүсү Кыргызстандын аймагында сезилди

Аймак 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Тажикстандын аймагында 19-мартта саат 20:56да очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

КР УИА Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү Кыргызстандын аймагында сезилип – Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ачык-Суу жана Дароот-Коргон айылдарында 3 баллга жеткен.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий