• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда үч жашар небересин тирүүлөй көөм салган аялдын иши сотко жөнөтүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.12.18 /Кабар/. Хатлон облусунунун прокуратурасы чоң апасы тарабынан өлтүрүлгөн үч жашар баланын өлүмү боюнча ишти тергеп бүттү. “Киши өлтүрүү” беренеси менен козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Трагедия 12-сентябрда Навобод айлында болгон. 58 жаштагы Хожара Ашурова небереси Бехрузжонду алгач муунтуп, андан соң жардын түбүндөгү аңга көөп таштаган.

Сурак учурунда Хожара Ашурова дайыма жаңжал чыгарган келини Гулсанам Боймуродованы жаман көргөнү үчүн небересин өлтүрүп таштаганын айткан.

Гулсанам Боймуродова кайненесин кечиргенин билдирген:

–Күйөөм менен ажырашпайм, бирок алардын үйүндө да жашабайм. Ал жерде баары Бехрузжонду эске салып турат. Талаш-тартыштар ар бир үй-бүлөдө болуп турат. Бирок бул баланы өлтүрүп салууга себеп эмес.

Хожара Ашурова небереси сууга чөгүп кеткенин айткандан кийин баланы издөө иштери башталган. Милиция кызматкерлери, айыл тургундары анын сөөгүн каналдан карашкан. Бирок наристенин денеси алты күн өткөндөн кийин айылдын четиндеги жардын түбүнөн табылган.

Тергөө учурунда Хожара Ашурова небересин түрүүлөй көөп салганы аныкталган.

Сот жараяны жакынкы күндөрү башталат. Киши өлтүрүүгө айыпталган аял 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Хатлон облусунунун прокуратурасы чоң апасы тарабынан өлтүрүлгөн үч жашар баланын өлүмү боюнча ишти тергеп бүттү. “Киши өлтүрүү” беренеси менен козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Трагедия 12-сентябрда Навобод айлында болгон. 58 жаштагы Хожара Ашурова небереси Бехрузжонду алгач муунтуп, андан соң жардын түбүндөгү аңга көөп таштаган.

Сурак учурунда Хожара Ашурова дайыма жаңжал чыгарган келини Гулсанам Боймуродованы жаман көргөнү үчүн небересин өлтүрүп таштаганын айткан.

Гулсанам Боймуродова кайненесин кечиргенин билдирген:

–Күйөөм менен ажырашпайм, бирок алардын үйүндө да жашабайм. Ал жерде баары Бехрузжонду эске салып турат. Талаш-тартыштар ар бир үй-бүлөдө болуп турат. Бирок бул баланы өлтүрүп салууга себеп эмес.

Хожара Ашурова небереси сууга чөгүп кеткенин айткандан кийин баланы издөө иштери башталган. Милиция кызматкерлери, айыл тургундары анын сөөгүн каналдан карашкан. Бирок наристенин денеси алты күн өткөндөн кийин айылдын четиндеги жардын түбүнөн табылган.

Тергөө учурунда Хожара Ашурова небересин түрүүлөй көөп салганы аныкталган.

Сот жараяны жакынкы күндөрү башталат. Киши өлтүрүүгө айыпталган аял 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий