• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Тажикстанда эки миңдей банк кызматкери жумуштан бошотулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/. Тажикстанда «Агроинвестбанктын» эки миңге жакын кызматкери жумуш орундарынан ажырады. Чечим эл аралык Alvarez & Marsal консалтинг компаниясынын жана Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын сунуштарынын негизинде кабыл алынган.

Буга чейин эл аралык Alvarez & Marsal консалтинг компаниясы каржы каатчылыгына кабылган «Тажиксодиротбанк» менен «Агроинвестбанкка» жардам берери айтылган. Бул компания аталган банктардагы көйгөйлөрдү жоюу боюнча план иштеп чыгат. Европа реконструкция жана өнүгүү банкы техникалык колдоо көрсөтөт.

Банк толук кандуу иштебей жаткан маалда кызматкерлердин ири армиясын кармоого негиз жок деген чечим чыккан.

Тажикстанда банк каатчылыгы 2015-жылы башталган. Анда дароо төрт банк – «Точиксодиротбанк», «Агроинвестбанк», “Тожпромбанк” жана “Фононбанк” аманатчыларына жана өнөктөштөрүнө карызын төлөй албай калган. Улуттук банк каатчылык туура эмес менеджменттин айынан келип чыкканын билдирген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий