• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда Эл аралык “Нооруз-2018” майрамынын эн белгиси кабыл алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.03.18 /Кабар/. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 2018-жылдагы Эл аралык Нооруз майрамынын эн белгисин бекитти.

Бул тууралуу Fars агенттигинин Дүйшөмбүдөгү өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматка ылайык, эн белгинин формасы тегерек, борборунда жер шаары жайгаштырылган, анын айланасында улуттук желек жана жаздын белгилери болгон – сүмөлөк, чабалекей, ошондой эле тажик жана англис тилдеринде “Нооруз - 2018” деп жазылган көк желе тартылган. Нооруздун символун Тажикстандагы министрлик, ишканалар, аткаруучу органдар, уюмдар, мекемелер жана жалпыга маалымдоо каражаттары колдоно алышат.

Эске салсак, буга чейин Тажикстанда Нооруз майрамына арналган негизги иш-чаралар 21-мартта өлкө президенти Эмомали Рахмондун катышуусу менен Согди облусундагы Пенжикент шаарында өтөрү маалым болгон. Мааракенин алкагында бир катар коомдук объектилер эксплуатацияга берилери айтылган. Мындан тышкары, президент Эмомали Рахмондун катышуусу менен Нооруз майрамына байланыштуу салтанаттар 23-мартта Бохтар шаарында, 25-мартта Дүйшөмбүдөгү Наврузгох комплексинде өтөт.

Булагы: CA-IRNEWS

Пикир

Оставить комментарий