• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тажикстанда электр энергиясы 30%га кымбаттайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 14.08.17. /Кабар/. Тажикстанда калк үчүн электр энергиясынын баасы жакынкы убактарда 30%га чейин кымбаттайт: быйыл – 7%, кийинки эки жылда – 8% жана 2020-жылы – дээрлик 10%га жогорулайт.

Өкмөттүн программасына ылайык, тарифтер юридикалык жактар үчүн дагы көтөрүлөт: 2018-жылы – 9,9%, 2019-жылы – 8,4%, 2020-жылы – 15%га. Өткөн жылы Тажикстанда электр энергиясы 16%га кымбаттап, учурда калк бир киловат үчүн 14,65 дирам төлөп келет.

Тарифтердин жогорулашы мурдагыдай эле TalCo алюминий компаниясына тиешелүү болбойт. Ал ишкана үчүн бир киловатт электр энергиясынын баасы жайкысын 7,20 дирам, кышкысын 11,80 дирамды түзөт.

Тажикстанда электр энергиясынын баасы Дүйнөлүк банктын сунушу менен жылына эки жолудан 20 пайызга жогорулап турат. Электр энергиясына болгон тарифтерди акырындык менен көтөрүү тууралуу меморандумга Тажикстан өкмөтү менен Дүйнөлүк банк 2006-жылы, өлкөнүн энергетика тармагынын кирешелүүлүгүн арттыруу максатында кол коюлган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий