• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Жакында Тажикстанда электр энегриясын колдонууга чектөө киргизилет.

Өкмөт күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгына жол бербөө үчүн ушундай чара колдонууга аргасыз болгонун маалымдады.

Расмий маалыматтарга караганда, быйыл былтыркыга салыштырмалуу кар 50 пайызга аз жааган, буга байланыштуу суу сактагычтарга топтолгон суунун көлөмү төмөн болууда. Өкмөттүн калкка жасаган кайрылуусунда “Мындай абал Тажикстанда биринчи жолу жаралып жатканы” айтылган.

Ушул тапта Нурек суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17 метрге төмөн. Өкмөт эгер мындай кырдаал улана берсе, кышкысын олуттуу көйгөй жаралышы мүмкүн экенин, чектөөлөрдү туура кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Тажик бийлиги жарандарды, мекеме-ишканаларды жана компанияларды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.

Тажикстан бийлиги 2017-жылы күз-кыш мезгилинде электр энергиясын чектөө тажырыйбасынан толугу менен баш тартканын жарыялаган.

Буга чейин Тажикстан Афганистан менен Өзбекстанга электр кубатын экспорттоону азайтканы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий