• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда электр кубатына киргизилген чектөө алына элек

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 04.04.19 /Кабар/. "Барки точик" энергохолдинги жакында электр кубатына киргизилген чектөө алынарын билдирди. Маалыматтарга караганда, ремонттук-профилактикалык иштер аягына чыгууда.

Тажикстан аймактарында электр кубатын өчүрүү февралдын аягында башталган. Айыл тургундары күндүз бир нече саат гана жарык менен камсыз болушууда.

Тажик журналисти Саидэхсон Жалолиён: “Эмне үчүн түнкүсүн дагы “жарыкты” өчүрүшөт. “Барки точик” адистери түн жамынып иштеп жатышабы? Бизге эл ушундай суроолорду көп берип жатат”, – деп нааразы болду.

Буга чейин компания электр энергиясын өчүрүү – колдонуучулардын карызынын көбөйгөнү менен байланыштуу экенин маалымдаган. Калк электр кубаты үчүн энергохолдингге 1 миллиард сомони (100 миллион доллар) бересе.

Тажикстан Керектөөчүлөр коомунун башчысынын орун басары Фаридун Шоинбеков электр энергиясын эскертүүсүз өчүрүү – жашоочулардын укугун бузуу экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий