• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тажикстанда эпидемиологиялык эрежелерди бузгандар жазаланат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Тажикстандын парламенти айланадагы адамдарга коркунуч жараткан ооруларды жайылтуу үчүн эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунушталган мыйзам долбоорун жактырды.

Документте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган жарандарга карата да жаза каралган. Ага ылайык, көчөгө беткапсыз чыккандарга экиден алтыга чейинки эсептик көрсөткүч (11 доллардан 28 долларга чейин) өлчөмүндө айып пул салынат. Бир эсептик көрсөткүч 58 сомониге же 5,6 АКШ долларына барабар.

Мындан тышкары ЖМКларда жана соцтармактарда пандемия тууралуу атайылап жалган маалымат тараткан жеке жактар 10дон 20га чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактар 150дөн 200гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөшөт.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстанда коронавирус жуктургандардардын саны 4763 кишиге жетип, 48 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий