• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда футбол чемпионаты өтүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Тажикстан бийлиги өлкөдө COVID-19 вирусу катталбаганын, буга байланыштуу спорттук мелдештерди жана башка иш-чараларды өткөрбөй коюуга негиз жок экенин билдирүүдө.

Ага карабай, Тажикстан Саламаттык сактоо министрлигинин сунушу менен бардык спорттук оюндар, анын ичинде футбол чемпионаты күйөрмандарсыз, бош стадиондордо өтүүдө.

6-апрелде Тажикстанда футбол боюнча жаңы чемпионаттын жогорку лигасына кошулган «Локомотив-Памир» менен «Файзканд» 2:2 эсебинде тең чыгышты. «Хатлон» командасы «Истаравшанды» 2:1 эсебинде утуп алды. «Куктош» менен «Регар-ТадАЗ» командаларынын беттешүүсүндө эсеп ачылган жок.

Алгачкы турдагы дагы эки оюн шаршемби, 8-апрелде өтөт. «Худжанд» ЦСКА менен кездешет, ал эми «Душанбе-83» «Истиклол» тобу менен ойнойт.

Биринчи лигада биринчи жана экинчи орунду камсыздагандар 2021-жылдын жогорку лигасында ойноого укук алат.

Пикир

Оставить комментарий