• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда футбол күйөрмандарынын жапырт мушташынан 21 киши жаракат алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. Тажикстандын Хорог шаарында жергиликтүү эки футболдук команданын күйөрмандарынын ортосунда жапырт мушташ чыкты. Окуя 19-сентябрда «Гулакен» жана «Жогорку Хорог» командалары ойноп жаткан №2 мектептин футбол аянтында болду.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги тараптар бири-бирине таш ыргытышканын, жыйынтыгында 21 киши жаракат алганын билдирди. Мындан тышкары мектептин жана жакын жайгашкан үйлөрдүн терезелери, алты автоунаанын айнектери талкаланган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, мушташты баштагандар изделүүдө.

№2 мектептин директору Гулруз Наврузовдун айтымында, мушташ «Гулакен» командасы «Жогорку Хорогду» 2:1 эсебинде жеңип алгандан кийин башталган. «Күйөрмандар бири-бирине жана жакын жайгашкан имараттарга таш ыргыта башташты. Алар кыйкырып, уят сөздөрдү айтып, терезедерди талкалашты. Мунун баары 10-15 мүнөткө созулду. Андан кийин алар көчөгө чыгып, жапырт мушташ башталды. Азыр жергиликтүү бийлик мектепке келтирилген чыгымды эсептеп жатышат», — деди Наврузов.

Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун борбору эсептелген Хорог шаарында буга чейин жергиликтүү жаштар менен укук коргоо органдарынын ортосунда бир нече жолу жаңжал чыккан. 2018-жылы шаарда күч түзүмдөрүнүн кошумча посттору орнотулуп, бүгүнкү күнгө чейин алына элек.

Пикир

Оставить комментарий