• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тажикстанда Google компаниясына салык киргизүү сунушталууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.03.19 /Кабар/. Тажикстанда жарандарга электрондук кызматтарды көрсөткөн чет өлкөлүк компаниялар үчүн салык киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун өлкөнүн Каржы министрлиги иштеп чыкты.

Эгер мыйзам долбоору колдоо тапса, Тажикстандын аймагында электрондук контент саткан чет өлкөлүк компаниялар, анын ичинде Google компаниясы салык органдарына отчет тапшырып, кошумча нарк салыгын төлөп турушу керек болот.

Тажикстандын Салык комитетинин төрагасы Завкибек Шодиёндун айтымында, учурда мыйзам долбоору тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр менен макулдашылууда жана жакында өкмөттүн кароосуна чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий