• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Тажикстанда үйлөнүү үлпөтүндө келишимсиз ырдаган ырчы 583 доллар айыпка жыгылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10. 05.19. /Кабар/. Тажикстандын Турсунзаде шаарында үйлөнүү үлпөтүндө келишим түзбөй ырдаган ырчы айыпка жыгылды. Бул тууралуу Тажик телеграф агенттиги жазат.

Агенттик жазгандай ал, "Элдик салттарды, салтанаттарды жана каадаларды тартипке келтирүү жөнүндө" мыйзамын бузганы үчүн айыпка тартылган.

Тажикстандын башкы прокуратурасы белгилегендей, Б. Тошов аталган мыйзамдын 14-беренесин бузган. Ага ылайык, артисттер үйлөнүү үлпөттөрүндө келишимдин негизинде иштөөсү керек.

Жыйынтыгында, аталган мыйзамды бузганы үчүн Б. Тошов Турсунзаде шаардык сотунун чечими менен 5,5 миң сомони (583,2 доллар) айыпка жыгылган.

Пикир

Оставить комментарий