• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Тажикстанда интернет кымбатташы мүмкүн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. Тажик бийлиги эл аралык интернет-трафиктин баасын жогорулатуу менен бюджеттин кирешесин көбөйтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу өлкөнүн байланыш кызматындагы өз булактар кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындан улам Тажикстанда интернеттин баасы 10-15 пайызга кымбаттайт деп күтүлүүдө.

Буга чейин өлкөнүн Салык комитети жарандар мессенджерлер жана байланыш компанияларынын тиркемелери аркылуу сүйлөшүүгө көбүрөөк артыкчылык берип жаткандыктан, эл аралык чалуулардан түшкөн киреше кыйла азайганын билдирген. Буга байланыштуу мекеме байланыш операторлорунан абоненттердин Viber, Whatsapp, IMO өңдүү мессенджерлер аркылуу канча сүйлөшкөнүн эсептеп, ага ылайык өлкө бюджетине салык төлөөнү талап кылган. Бирок уюлдук байланыш операторлору абоненттердин мессенджерлер аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн узактыгын эсептеп чыгуу мүмкүн эмес экенин билдиришкен.

Андан соң Салык комитети Тажикстанда NGN-байланышын калыбына келтирүү маселесин көтөрүп чыккан. Мекемеден билдиришкендей, мессенджерлерге караганда, NGN аркылуу сүйлөшүүлөрдүн узактыгын эсептеп чыгуу кыйла жеңил.

2017-жылдын аягында өкмөттүн алдындагы Байланыш кызматы байланыш операторлору менен интернет-провайдерлерден NGNди өчүрүүнү талап кылган. Анда мекеме NGN өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу максатында өчүрүлүп жатканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий