• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда ири көмүр ишканасы жоюлду, акциялары мамлекетке өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 03.05.19 /Кабар/. Тажикстандын Жогорку экономикалык сотунун чечими менен Рашт районудагы “Камароб” акционердик коому жоюлду. Анын базасында жаңы “Ангишти Камароб” мамлекеттик ишканасы түзүлдү.

“Камароб” ишканасы 1994-жылдан бери “Назарайлок” кенинде көмүр казып келген. Маалыматтар боюнча ал жерде 400 миллион тонна кара алтындын запасы бар.

Тажикстандын Жогорку экономикалык соту Инвестиция жана мамлекеттик мүлк комитетинин арызынын негизинде ишкананы жойду.

​“Камароб” ишканасынын жетекчиси Мурод Хушвактов соттун чечимине макул эмес жана жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылат.

”Биздин материалдык-техникалык базанын алкагында кандайча жаңы ишкана түзүлөт? Биз бул үчүн 25 жыл иштедикпи? Кемчиликтерибиз эмне? Салыкты убагында төлөдүк, мектеп, жол курууга акча бөлүп берип турдук, районду жакшыртуу иштерине катыштык, өлкөнүн маанилүү ишканаларын көмүр менен камсыздадык”, – деди Хушвактов. Анын айтымында, 100дөн ашуун киши жумушсуз калды.

Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлиги дагы “Камароб” акционердик коомунун лицензиясын узартууну кубаттоодо.

Пикир

Оставить комментарий