• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда ири өлчөмдө электр энергиясын уурдоо схемасы аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 12.11.20. /Кабар/. Тажикстанда «Душанбе электр түйүндөрү» ишканасынын кызматкерлери 68 миллион сомониге (6 миллион доллардан ашык) бааланган 150 миллион кВт/саат электр энергиясын уурдаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ишкананын жогорку кызматтагы өкүлдөрү кардарлардын дүмүрчөктөрүнө пайдаланылбаган 100 миңдеген кВт/саат электр энергиясын жазып, кийин аларды кардарларга «белекке берилди» деп эсептен чыгарып туруп башка колдонуучуларга арзан баада сатып келишкен.

Ал ортодо Тажикстандын Башкы прокуратурасы энергетика тармагындагы уурдоо фактыларын аныктоо үчүн атайын тергөө тобу түзүлгөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, тергөөчүлөр тобу өлкөнүн бардык аймактарындагы электр энергиясындагы жоготууларды жана уурдоо фактыларын текшерет.

Бүгүнкү күндө карамагына «Душанбе электр түйүндөрү» ишканасы кирген «Барки точик» энергохолдингинин жалпы карызы 2,5 миллиард долларды түзөт.

Мартта Дүйнөлүк банк «Барки точик» компаниясынын каржылык абалын жакшыртуу үчүн 134 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлгөн. Каржы уюмдун 90 барактан турган баяндамасында электр энергиясынын тарифтери жогорулабаса, «Барки точик» каржылык жактан туруктуу болбой турганы белгиленип, 2025-жылга карата тарифтер холдингдин бардык чыгымдарын жапкыдай болушу керектиги жазылган.

Пикир

Оставить комментарий