• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда көчөдө кызга асылган сатуучу жоопкерчиликке тартылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Душанбелик 17 жаштагы Аниса Иброхимова көчөдө асылып, акарат келтирген жигитке каршы арыз жазды. Натыйжада ал беш суткага камалды.

Анисканын айтымында, окуя 5-сентябрда болгон. Кыз жер-жемиш жүктөлгөн унаанын жанынан өтүп баратканда дарбыз саткан жигит ага “100 долларлык кыз” деп кыйкырган. “Мен ага бурулуп, эмне себептен минтип сүйлөп жатканын сураганымда, ал колдорун жайып: “Жогол” деп түртүп жиберди”,- деди ал.

Аниса сатуучуну телефонуна тартып алып, милицияга арыз жазган. 6-сентябрь күнү 25 жаштагы Мухаммаджон Курбонов сотко чакырылган. Фирдавси райондук соту аны “Бейбаштык” беренеси боюнча айыптуу деп таап, беш суткага камакка алуу чечимин чыгарды.

Курбонов сотто кыздан кечирим сурап, күнөөсүн мойнуна алган эмес.

​Тажикстан ИИМи билдиргендей, кыздарга көчөдө асылып, сөгүнгөн жигиттерге сот адатта 5 суткадан 15 суткага чейин камоо чечимин чыгарат. Министрлик кыз-келиндерди кемсинткени үчүн коомдук жумуштарга тартылгандардын сүрөттөрүн веб-сайтына жайгаштырууда.

Быйыл июлда Душанбе шаарында жашаган кыз-келиндердин тобу тажик мэрине кайрылып, көчөдө акарат келтирген эркектерден коргоону сураган. Мэр атайын топ түзүп, шаардык милицияга аялдардын арызын токтоосуз түрдө кароону тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий