• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда күйүүчү май кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Тажикстанда суюлтулган газдын баасы акыркы бир жумадан бери кеминде 60 дирамга кымбаттады.

Айрым айдоочулар май куюу жайларында бир литр суюлтулган газ 3 сомони 90 дирамдан 4 сомониге чейинки (0,5 доллар) баада сатылып жатканын айтышууда. Ошол эле маалда май куюу жайларында дизель менен бензинге болгон баалар дагы кымбаттады.

Азырынча бул абал боюнча тажик бийлиги менен өлкөгө күйүүчү май ташып келген компаниялардын өкүлдөрү эч кандай комментарий берише элек.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Тажикстанда жеңил автоунаалардын 60% суюлтулган газ менен жүрөт.

Согди облусундагы май куюу жайларынын биринин ээси баалар акыркы үч күндүн ичинде кескин жогорулаганын билдирди: «суюлтулган газ 3 сомони 40 дирамдан 4 сомониге чейин, бензин 6 сомони 40 дирамдан 7 сомониге чейин, солярка 7 сомониден 7 сомони 40 дирамга чейин кымбаттаган».

Ал баалардын жогорулашын Казакстандан газ келбей калгандыгы жана өлкөдө түшүм жыйноо башталгандыгына байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талаптын жогорулашы менен түшүндүрдү.

Пикир

Оставить комментарий