• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Тажикстанда көмүр кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Түнкү сууктан жана электр энергиясына киргизилген чектөөлөрдөн улам Тажикстандын түндүгүндө көмүргө суроо-талап көбөйүп, баасы кымбаттады.

Хожентте бир апта мурун эле көмүрдүн килограммы 1,5 сомони турса, ушул тапта 2 сомониге бааланууда.

Бобожон Гафуров районундагы көмүр сатуучулар кара алтынды Кыргызстандан ташып келип жатышканын, анын баасы көптөгөн факторлордон – улуттук валютанын арзандашынан, импорттун азайганынан, өлкө ичинде өндүрүлгөн көмүрдүн сапатынын төмөндүгүнөн көз каранды экенин айтышууда.

Статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылы көмүрдүн баасы 13% кымбаттаган.

2017-жылы Тажикстан бийлиги электр энергиясын өндүрүү жолго коюлганын жана ага чектөө киризүү тарыхта калганын билдирген.

«Барки точик» энергохолдинги Тажикстандын айылдарында 5-январдан тартып электр энергиясын колдонууга чектөөлөр киргизилгенин жарыялаган. Маалыматка караганда, айыл тургундарында электр жарыгы түнкү саат 23:00дөн эртең мененки алтыга чейин өчүрүлүүдө. Бул арада шаардыктар да жарык берүү маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап жатканын билдиришүүдө.

Тажик бийлиги суу сактагычтарда суунун деңгээли төмөндөп кеткенине байланыштуу электр кубатына лимит киргизилгенин маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий