• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда кайнене-келин уруштарынын себептери иликтенди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.12.18 /Кабар/. Тажикстандын консервативдүү коомчулугунда келиндерге психологиялык басым көрсөтүү, аларга жалган жалаа жабуу жана кемсинтүү учурлары бар. Бул тууралуу Тажикстандагы “Татыктуу жашоо” долбоорунун алкагында иш алып барган Alert International эл аралык уюму билдирди.
Долбоордун алкагында 80 үй-бүлөдөгү келиндер менен кайненелердин мамилелери иликтөөгө алынган.

Сурамжылоого катышкан 52 жаштагы Курбангүл Бобиеванын төрт келини бар жана алар менен ынтымакта жашайт. Себеби өзү жаш кезинде кайненеси тарабынан психологиялык жана физикалык зомбулукка кабылган.

Курбангүл Бобиева азыркы келиндер таарынчак келет деп эсептейт: – Азыркы келиндер кайната-кайненесин жакшы көрбөйт. Алар кайын-журту менен жашагысы келбейт. Алар жетим балдарга турмушка чыгууну каалашат.

«Фародис» көз карандысыз уюмунун жетекчиси Мехринисо Тухтаева кайнене менен келиндердин урушунун түпкү себеби иликтенип, аларды чечүү жолдору белгиленгенин айтты: – Адатта кайнене үчүн кызы келининен жогору турат. Келиндерди айрым учурда ата-энеси менен учурашканы да жиберишпейт. Биз кайненелерге бул туура эмес экенин түшүндүрдүк. “Эгер бул сенин күйөөң болсо, сабаганга укуктуу” деген түшүнүктү жокко чыгарууга чакырдык.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстан калкынын 57 пайызын аялдар түзөт. Укук коргоо уюмдарынын пикиринде, ар бир үчүнчү аял кайын- журту тарабынан физикалык жана психологиялык кысымга кабылат.

Пикир

Оставить комментарий