• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда камактагы ишкер карызын инвесторлор аркылуу төлөп берерин билдирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.11.17 /Кабар/. "Умед-88" компаниясынын башчысы Ражабали Одинаевди дагы эки ай камакта калтыруу чечими кабыл алынды. Тажикстанга мунай жеткирүү менен алектенген анын компаниясы мамлекеттен ири суммада насыя алып, убагында төлөп бере алган эмес.

Раджабали Одинаевдин тууганы Саодат Одиназоданын билдиришинче, акыркы ай ичинде компания мамлекетке 55 миң сомони (6 миң доллардан ашык) төлөп берген жана учурда калган сумманы кайтарууга ниеттенип жатат.

Камактагы ишкердин туугандары өлкө президенти Эмомали Рахмондун атына кат жолдоп, ден соолугуна байланыштуу Раджабали Одинаевди бошотууга көмөктөшүүнү өтүнүшкөн. Катта бизнесмен бошотулса, компания өз мүлкүн күрөөгө коюп, чет өлкөлүк өнөктөштөрүнөн мамлекеттен алган 40 миллион доллар насыяны төлөп берүүсүн өтүнө тургандыгы белгиленген. Адвокаттын айтымында, буга чейин Раджабали Одинаев Тажикстан бийлигине кайрылып, «Рогун ГЭСи» ААКсынан алган миллиондогон насыясын төлөп берүү үчүн кол каттын негизинде эркиндикке чыгарууну өтүнгөн.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 14-октябрда ишкерлер менен жолугуп, Каржы министрлигин түшүнүксүз жолдор менен «Умед-88ге» мамлекеттик бюджеттен 170 миллион сомони насыя бергенин сынга алган. Анын айтымында, компания ал акчаларды эки жылдан бери мамлекетке кайтарып бере албай келет.

Президенттин бул сынынан кийин өлкөнүн Антикоррупциялык агенттиги Раджабали Одинаевди, «Умед-88» компаниясынын түзүүчүсү жана директору Идибек Иброхимовду кармаган. 27-октябрда компаниянын башкы эсепчиси жана май куюу жайларынын үч директору кармалган. Учурда алардын бардыгы тең тергөө абагында камакта.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий