• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Тажикстанда карантиндик продукциялардын тизмеси бекитилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Тажикстандын өкмөтү карантиндик 145 продукциянын тизмесин бекитти. Мындан ары бул продукциялар чек араларда фитосанитардык-карантиндик көзөмөлдөн өтөт.

Тизмеге кургак сүт, коон, дарбыз, банан, цитрус жемиштери, картошка, помидор, кофе, Парагвай чайы, күн карама майы, буудай уну, айыл чарба зыянкечтери жана башкалар кирди.

Тажикстан мыйзамдарына ылайык, карантиндик продукциялар чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде текшерүүгө алынат.

Мыйзамда эгер карантиндик продукция организмге зыяндуу заттар менен ууланган болсо, фитосанитардык текшерүүдөн кийин зыянкечтер атайын газдар менен жок кылынышы керек.

Пикир

Оставить комментарий