• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда "каржы пирамидасынын" өкүлдөрү соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.09.17 /Кабар/. Тажикстанда алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган “Хафт бурдж” компаниясынын алты жетекчиси ар кыл мөөнөткө эркинен ажыратылды. Буга чейин Башкы прокуратура бул компанияны "каржы пирамидасы" деп жарыялаган.

Компания жетекчилеринин бири Осимджон Маруфов 25-сентябрда 8 жылга соттолду. Компаниянын негиздөөчүлөрү Олим Маруфов менен Ориф Расулов 10 жылдан эркинен ажыратылышты. Саидджон Садуллоев, Рахимбек Саидов жана Шарифбек Хушмахмадов болсо өмүрлөрүнүн 11 жылын темир тор артында өткөрүшөт.

Акыркы үчөө 2015-жылы 125 миң доллар кымырып алууга айыпталып, издөөгө алынган. Алар катарларына башка кишилерди тартуу менен киреше алып турушкан.

2014-жылы 158 жаран компанияга алданып калганын айтып, Башкы прокуратурага кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий