• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда хиджаб кийгендерге 114$ айып пул салынат

Дүйнө 0

Бишкек, 5-август /Кабар/. Тажикстандын борбор шаарында адамдар көп чогулган жерлерде, хиджаб кийген аялдарды текшерүүлөр жүрүп жатат деп билдирди “Asia-Plus”.

Эскерте кетсек, Тажикстанда жоолукту алдына салынып, ал төшүн жаап турган болсо дагы хиджаб катары эсептелет.

Аталган басылма билдиргендей, мамлекеттик кызматкерлер душанбенин базарларында хиджаб кийген аялдардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Аларды милиция кызматкерлери, аялдардын жана үй бүлөлөрдүн иши боюнча комитет мүчөлөрү, жаштар жана спорт комитетинин өкүлдөрү токтотуп жатышты. Базардагы хиджаб кийгендердин айтымында аларга милиция кызматкерлери түшүндүргөн жок, тескерисинче жоолугуңду артка салын деп айып пул салам деп коркутушкан.

“Мамлекеттик мекеме кызматкерлери менен урушкулары келбегендер жоолуктарын артка салынып унчукпай кетип жатышты. Ал эми каршы оюун билдиргендерге 114$ доллар өлчөмүндө айып пул салынаарын эскертишкен. Бир жума мурун бизге хиджаб кийгендерге айып пулдун өлчөмү 100 сомони болот дешсе, азыр 1000 сомони жөнүндө айтып жатышат”,-дейт базарда иштегендердин бири. Айрымдардын айтуусунда рейддин жүрүшүндө бир эле жаш кыздарды эмес, орто жаштагы жана карыларды дагы токтотушкан.

Ал эми үй бүлө комитети мындай коркутуулар болбогонун билдирди. Ошондой эле, хиджаб кийгендерге эч кандай айып пул салынбай турганын кошумчалады.

Булак: CA-NEWS (TJ)

Пикир

Оставить комментарий