• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда хижаб кийген аялдар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.08.17 /Кабар/. Дүйшөмбүдө мамлекеттик органдардын кызматкерлери хижаб кийип жүргөн 8 миң аял менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы Аялдар иштери боюнча комитеттин төрага орун басары Мархабо Олими билдирди. Аялдардын арасында түшүндүрүү иштери өлкөнүн бардык аймактарында 3-августтан 13-августка чейин өткөрүлдү.

Курамына Аялдар иштери боюнча комитеттин, Дин иштери боюнча комитеттин, ИИМдин жана башка мекемелердин өкүлдөрү кирген жумушчу топтор аялдарга хижаб, сатр жана тюрбандарды кийүү — тажик салттарына жат экенин түшүндүрүштү.

Мархабо Олиминин айтымында, борбордогу рейддердин жүрүшүндө аялдардын 90 пайызы мусулман кийимин кийип жүрүүгө аларды күйөөлөрү же чоңоюп калган балдары мажбурлай тургандыктарын айтышкан. Алардын көбү күйөөлөрү макул болсо хижабды чечүүгө макул экендиктерин билдиришкен.

«Биздин эркектердин арасында да түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Анткени аларга аялдары менен кыздары жоолуксуз жүрүшү керек деп эч ким айткан жок да. Бизге белгилүү болгондой, Орусияда иштеп жүргөн күйөөсү хижабды чечсе ажырашарын айтып, аялдарын опузалаган учурлар да болот экен», деди Мархабо Олими.

Тажикстанда хижаб менен сатр улуттук салттар менен баалуулуктарга жат кийимдер деп жарыяланган. Мурдараак өлкөнүн Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин басма сөз кызматы Дүйшөмбү базарындагы рейд маалында тажик маданиятына жат болгон тюрбан деп аталган аялдардын баш кийимин сатып жаткан фактылар аныкталганын билдирген.

Укук коргоочулар Тажикстандагы хижаб кийүүгө каршы өнөктүктү жарандын жеке жашоосуна кийлигишүү жана өлкө Конституциясынын нормаларын одоно бузуу деп атап келишет.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий