• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Тажикстанда корей чиркөөсүнүн пасторуна карата өкүм өзгөрүүсүз калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.09.17 /Кабар/. Согди облустук соту «Сонмин Сонбогым» деп аталган христиан чиркөөсүнүн пастору Бахром Холматовго карата чыгарылган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды. Июлда Хужанд шаардык соту пасторду улут жана дин аралык кастыкты козутуу айыбы менен үч жылга эркинен ажыраткан.

Айыпталуучунун адвокаты тергөөнүн жүрүшүндө жана сот отуруму маалында Бахром Холматовдун күнөөсү далилденбегенин билдирди. «Биз жогорку бачкычтагы сотко арыз менен кайрылдык, бирок облустук соттун коллегиясы өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды», - деди ал.

Бирок Хужанд шаардык сотунун судьясы Некруз Маруфзода 42 жаштагы пастор жумасына эки жолудан мурдагы бала бакчанын аянтында диний иш-чараларды өткөрүп келгенин билдирүүдө. Айтымында, өз насааттарында ал Тажикстанды «динсиздердин өлкөсү» деп атаган.

Бахром Холматов ушул жылдын 10-апрелинде Хужанд шаарындагы корейлерге таандык протестанттык чиркөөдөгү текшерүүлөрдөн кийин кармалган. Анын үйүн тинтүү маалында алынган китептер «экстремисттик мазмундагы» адабият деп табылган.

Тажик бийлиги «Сонмин Сонбогым» христиан борборунун расмий каттоосу жок болгондуктан, анын өлкө аймагындагы ишмердүүлүгү мыйзамсыз болуп эсептеле турганын билдирүүдө. Анткен менен корей чиркөөсүнө таандык сайтта борбор расмий түрдө 2009-жылы Тажикстандын Дин иштери боюнча комитетинде каттоодон өткөнү жазылган.

Пикир

Оставить комментарий