• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 128 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Тажикстанда коронавирус жуктуруп алган 52 жаңы учур катталып, бул илдетке чалдыккан адамдардын жалпы саны 128ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, акыркы суткаларда 200дөн ашык киши текшерилип, үйлөрүнө кое берилди.

2-майда өлкөдө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 76га жетип, эки киши каза болгону кабарланган.

Тажикстанда коронавирус катталгандыгы тууралуу алгач 30-апрелде, өлкөгө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун делегациясы келердин алдында жарыяланган.

Өткөн жумада тажик өкмөтү коронавирустун жайылуусунун алдын алуу үчүн элге көчөгө беткапсыз чыгууга тыюу салган. Мектептер эки жумалык карантинге жабылып, футбол беттештери токтотулган. 30-апрелден тартып өлкөдөгү кийим-кече саткан бардык базарлар жабылган.

Дүйнөлүк банктын божомолуна ылайык, Тажикстанда коронавируска чалдыккандардын саны 72 миңден 230 миңге чейин жетип, алты жарым миңден 21 миңге чейинки адамдын өмүрү кыйылышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий