• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тажикстанда коронавирустан көз жумгандардын саны 77 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/.Тажикстанда коронавирустан көз жумгандардын саны 77 адамга жетти. Бул тууралуу бейшембиде Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде 46 кишинин вирус жуктуруп алганы аныкталган, бир бейтап каза болгон.

1-октябрь күнү кечинде коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын жалпы саны 9 миң 811 кишини түздү. Алардын ичинен 8 миң 617 бейтап айыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги ушул тапта 71 киши коронавируска шектелип, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатканын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий